Бүгүн, 15-апрель түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында 2 беттеш орун алат. Франциянын чемпиону ПСЖ клубу өз үйүндө испаниялык “Барселонага” каршы турат. Ал эми жаштардан куралган “Порту” клубу менен Германиянын чемпиону “Бавария” өз ара кез келет.
Кошумчалай кетсек, чейрек финалда бул командалар экиден беттеш өткөрүп, жарым финалчыны аныкташат. Жооптук беттештер 21-апрелге пландалган.
ПСЖ (Франция) – “Барселона” (Испания)
Париж шаары. “Парк де Пренс” стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
“Порту” (Португалия) – “Бавария” (Германия)
Порту шаары. “Драгау” стадиону
Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)