Юрген Клопп Германиянын “Боруссия” футболдук клубун машыктырууну токтотот

Германиялык адис, акыркы 7 жылдан бери Германиянын “Боруссия” футболдук клубун машыктырып келген Юрген Клопп жай айларында ишин токтотот. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, машыктыруучу клубдун жетекчилиги менен сүйлөшүп, келишимди бузууну суранган. Мунун себеби "Боруссиянын" 2014-2015-жылкы сезондо ийгиликке жетпей калганы менен байланыштуу болушу мүмкүн дегендер бар. Дортмунддук "Боруссия" учурда Германиянын чемпиондугунда 28 оюндан 33 упай алуу менен 10-орунду ээлеп турат. 

Кошумчалай кетсек, Клопп дортмунддук “Боруссия” клубун 2008-жылдан тарта машыктырып келет. 7 жыл аралыгында ал клубду жаңы деңгээлге көтөрүп, 2 ирет Германия чемпиондугун, бир ирет өлкө кубогун утканга жетишкен. Ошондой эле ал 2013-жылы клубду машыктырып, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалына чейин барган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hernandez
2015-04-15 19:27:02
Клопп мыкты машыктыруучу. Барсага машыктыруучу болсо сонун болмок. Ийгилик Клопп
+1
goodman02
2015-04-16 09:21:28
Hernandez,луис энрике деле кучтуу тренер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан