Чемпиондор Лигасында "Барселона" конокто ПСЖ клубун 3:1 эсебинде утуп, бир буту менен жарым финалга чыкты

ПСЖ - "БАРСЕЛОНА" - 1:3
Голдор: Неймар (18-мүнөттө), Суарес (67-мүнөттө), Суарес (79-мүнөттө), Матье (82-мүнөттө, өз дарбазасына).  

16-апрелге караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Франциянын ПСЖ клубу өз үйүндө Испаниянын "Барселона" клубун кабыл алды. Оюн курч мүнөздө башталып, "Барсанын" оюнчулары алгачкы мүнөттөрдөн тарта топко ээлик кыла башташты. Ал эми ПСЖнын оюнчулары өз кезегинде каршы чабуулга ойношту. Бул күнү кетирилген 3 ката испаниялык клубга ири эсептеги жеңиш алып келди. 18-мүнөттө коргоочулардын катасын улай дарбазачы Сальваторе Сиригу да жаңылууга мажбур болуп, Неймар гол жараткан эпизоддо топту алыскы бурчка өткөрүп жиберди. Оюндун "Барселонанын" пайдасына чечилишине ПСЖнын лидери Тиагу Силванын 21-мүнөттө Давид Луис менен алмаштырылуусу да өз таасирин тийгизди. Луис Суарес экинчи таймда 2 ирет катары менен дал ушул Давид Луисти алдап өтүп, гол жаратты. Үй ээлеринин көңүлүн жубатуучу жалгыз топ 82-мүнөттө киргизилди. Бирок бул гол ПСЖнын жарым финалга чыгуусунда дээрлик эч кандай роль ойнобойт. Конокто киргизилген голдордун пайдасы мелдештин бул баскычында чоң роль ойнойт. Демек, "Барселона" жарым-жартылай жарым финалдык жолдомону камсыздады. 
Бул командалардын ортосунда жооптук оюн 21-апрелде орун алат. 
Чемпиондор Лигасы: ПСЖ - "Барселона" - 1:3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
goodman02
2015-04-16 12:44:43
Суарес дубль
+1
skatoruk
2015-04-16 12:47:57
Барса азамат да озу!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан