16-апрелге караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Португалиянын “Порту” командасы Германиянын чемпиону “Баварияны” кабыл алды. Оюн көпчүлүккө күтүлбөгөн нукка бурулуп, “Порту” аталган мелдеште чемпиондукка талапкер делген атаандашын 3:1 эсебинде утуп алды. Үй ээлеринин курамынан Рикарду Куарежма 3-мүнөттө (пенальтиден) жана 10-мүнөттө айырмаланды. Ал эми 28-мүнөттө мюнхендиктер Тьяго Алькантаранын голу менен эсеп катыштыгын 2:1ге айландырышты. 65-мүнөттө болсо Жексон Мартинес “Портунун” эсебине үчүнчү голду жаза алды.
“Бавария” ири эсептеги утулуудан кийин атаандашынан реванш алып, жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн 21-апрелде сынайт. Бул күнү германиялыктар өз үйүндө оюн өткөрүшөт.