Кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков Дүйнөлүк бокс сериясында орусиялык мушкер менен беттешет

Эртең, 17-апрелде Украинанын Киев шаарында Дүйнөлүк бокс сериясынын 13-турунда “Украиналык атамандар” клубу Орусия курамасына каршы беттеш өткөрөт. Анда 56 килограмм салмакта украиналык клубдун желеги астында кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков рингге чыгат. Анын атаандашы Владимир Никитин болмокчу. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бүгүн салмак өлчөө аземи болуп өттү. Эки мушкердин тең салмагы 55,8 килограммды түздү.

17-апрелде орун ала турган 5 беттештин тизмеси төмөнкүчө:  

49 килограмм салмакта: Хасанбой Дусматов (“Украиналык атамандар”) - Белик Галанов

56 килограмм салмакта: Өмүрбек Малабеков (“Украиналык атамандар”) - Владимир Никитин  

64 килограмм салмакта: Владимир Матвийчук (“Украиналык атамандар”) - Григорий Лизуненко

75 килограмм салмакта: Хуршид Норматов (“Украиналык атамандар”) - Петр Хамуков

91 килограмм салмакта: Геворг Манукян (“Украиналык атамандар”) - Сергей Кальчугин  

Кошумчалай кетсек, тайпалык баскычтын биринчи айлампасында бул командалар өз ара беттешип, анда 5:0 эсебинде орусиялыктар утуп алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Deesmond
2015-04-16 18:24:29
Украинанын атынан чыгат экен да ээ???
0
Максат Кудайбердиев
2015-04-16 18:33:57
Deesmond, Ооба, убактылуу украиналык клуб менен келишимге ылайык, клубдун намысын коргойт. Эгер Олимпиадага жолдомо алып калса Кыргызстандын атынан чыгат.
0
realliver
2015-04-16 18:47:36
Откондо 5-0 го утулушканда башка салмактагылар чыгышкан, 52, 60, 69, 81 жана 91 ден ойдо. Мунусунда Омурбек упайга илинсе экен.
+1
Maks_shop
2015-04-17 04:25:07
Алга кыргыз алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан