Бүгүн, 17-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алат. Анда Бишкекте 2 оюн жана Кант шаарында 1 оюн болот. Оюндар өтө турган стадиондор жана башталыш сааттары:
“Кейжи Юнайтед” (Бишкек) – “Алай” (Ош)
Башталышы: 16:30
Стадион: КРнын Футбол федерациясынын Футбол борбору
“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек)
Башталышы: 16:30
Стадион: “Дордой” спорт-комплекси
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Ала-Тоо” (Нарын)
Башталышы: 16:30
Стадион: “Центральный” стадиону
Кошумчалай кетсек, 1-тур оюндарынын алкагында “Дордой” атаандашы “Кейжи Юнайтедди” 6:1 уткан болсо, “Алай” клубу “Ала-Тоону” 2:0, “Абдыш-Ата” клубу “Алганы” 1:0 эсебинде уткан.