Кыргыз спортчусу Максатбек кызы Айтурган тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды

Кыргыз спортчусу Максатбек кызы Айтурган тогуз коргоол боюнча Казакстанда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда блиц түрү боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, тогуз коргоолдун блиц түрүнөн уландар арасында кыргыз спортчуларынан байгеге эч ким илинген жок. Бул жаатта байгелерди Серик Актаев (Казакстан), Нурбек Кабиев (Казакстан) жана Алексей Питерс (Германия) багындырышты. Ал эми кыз-келиндер арасында алдынкы эки орунду Казакстандын өкүлдөрү Салтанат Сапарбекова менен Асел Далиева камсыздашты. 3-орунду кыргыз спортчусу Максатбек кызы Айтурган ээледи.

Кошумчалай кетсек, мелдешке 23 өлкөнүн 50дөн ашуун спортчусу катышууда. Катышып жаткан мамлекеттердин катарында АКШ, Антигуа жана Барбуда, Ооганстан, Азербайжан, Гана, Германия, Грузия, Италия, Колумбия, Молдова, Казакстан, кыргыз өлкөсү, Кытай, Монголия, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Индия, Улуу Британия, Чехия жана Швейцария бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ajar.
2015-04-17 10:27:21
Жакшы, жакшы... Кыргыздын улуттук оюну ушундай деңгээлге көтөрүлүп, дүйнө элдери кызыгып, катышып, өздөштүрүп жатышканы кубандырат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан