Баткен облусунда жарылбай калган эки снаряд табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда снаряд табылган жер курчоого алынып, тиешелүү органдар тарабынан текшерүү жана аны зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.