Футбол боюнча улуттук курама 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында 1 апталык машыгуу сборун өткөрөт. Сбор Бишкек жана Кант шаарларында 24-30-апрель аралыгында өтөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, машыгуу сборунун жыйынтыгында улуттук курам менен 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамдын ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин курамга 22 оюнчуну алды. Алар:
Дарбазачылар: Максим Агапов (“Дордой” клубунун өкүлү), Павел Матяш, Руслан Амиров (экөө тең “Алга”).
Коргоочулар: Шерзот Шакиров, Курсан Шератов, Азамат Байматов, Дениэл Тего, Талант Самсалиев, Мустафа Юсупов, Марат Ажыниязов (баары “Дордой”), Тамирлан Козубаев (“Алга”).
Жарым коргоочулар: Фархат Мусабеков, Бахтияр Дүйшөбеков (“Абдыш-Ата”), Турсунали Рустамов, Ильдар Амиров, Павел Сидоренко (баары “Алга”), Кайрат Жыргалбек уулу, Вадим Харченко, Азиз Сыдыков (баары “Дордой”).
Чабуулчулар: Дэвид Тетте, Мирлан Мурзаев, Алмазбек Мирзалиев (баары “Дордой”).
Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз өлкөсүнүн курамасы Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен кез келет.