Футбол боюнча өлкө биринчилигинде "Дордой" өз үйүндө "Алга" менен 1:1 эсебинде тең ойноду

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте футбол боюнча өлкө биринчилиги - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары болуп өттү. Күндүн башкы беттеши Бишкектин эки чыгаан клубу "Дордой" менен "Алганын" ортосунда болду. "Бишкектик дерби" же болбосо бир шаардан чыккан ири клубдардын ортосундагы бул оюн алгачкы мүнөттөрдөн тарта кызып баштады. Алгач "Алганын" оюнчулары ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биринчи таймда Павел Сидоренко оюн эсебин ачты. 3 мүнөт өтпөй "Дордойдун" курамынан Алмазбек Мирзалиев гол киргизип, эсепти теңегенге үлгүрдү. Оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, эки команда эсептерине бирден упай жаза алышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hernandez
2015-04-17 20:15:28
Алга чемпион
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан