17-апрелде Украинанын Киев шаарында Дүйнөлүк бокс сериясынын 13-турунда “Украиналык атамандар” клубу Орусия курамасына каршы турду. Айыгышкан кармашта украиналыктар 5 беттештин үчөөсүн утуп, командалык эсепте жеңишке жетишти (3:2 эсебинде). Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул күнү рингге 56 килограмм салмакта украиналык клубдун желеги астында кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков да чыкты. Ал 56 килограмм салмакта Олимпиаданын жолдомосуна талапкерлердин бири Владимир Никитинге каршы турду. Беттеш айыгышкан мүнөздө жүрүп, жыйынтыгында калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышты.