Кыргыз хоккейчилери Азиянын Чакырык Кубогунда Сингапурга жеңилүүгө мажбур болушту

Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунда кыргыз хоккейчилери кезектеги оюнунда Сингапур курамасына утулуп калышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, анда 4:2 эсеби катталып, кыргыз хоккейчилери алгачкы жеңилүүгө туш болушту.

Кошумчалай кетсек, кыргыз спортчуларынан тышкары Кувейт, Индия, Сингапур, Оман, Малайзия сыяктуу курамалар катышып жаткан мелдеште кыргыз өлкөсүнүн курамасы алгачкы беттешинде Малайзия курамасын утуп алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurjana83
2015-04-20 13:23:05
Анан утмак беле, шарты болуп тренировка кылбаса, бечаралар.
+1
nurkasym-2014
2015-04-21 09:25:37
Аракетке берекет азаматтар алдыга умтула бергиле.Утуш да болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан