Токмок
шаарында "Ата Мекен" партиясынын конференциясы өттү. Ага 300гө жакын делегат, парламенттин вице-спикери
Асия
Сасыкбаева баштаган "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары
Наталья
Никитенко,
Туратбек Мадылбеков жана депутат
Бахадыр Сулайманов катышты.
"Конференциянын
жүрүшүндө "ата мекенчилер" партиянын мындан аркы ишмердүүлүгүн, сунуш-пикирлерди талкуулашмакчы",- деп маалымдайт партиянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, конференциянын алкагында партиянын облустук конференциясына бара турган делегаттар шайланды. Мындан сырткары өлкөдөгү социалдык экономикалык маселелер да депутаттар менен
токмоктуктардын негизги темасы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө "ата мекенчилер" партиянын активдүү
мүчөлөрүн баалуу белектер менен сыйлашты.