Казакстанда жол кырсыгына кабылган кичи автобус 7 гана адам ташууга ылайыкташтырылган

Казакстанда жол кырсыгына кабылган кичи автобус 7 гана адам ташууга ылайыкташтырылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгына кабылган Мерседес-Бенц Спринтер унаасы 2015-жылдын январь айында Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа катары каттоого алынган. Ал эми февраль айында жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырылып, Мамлекеттик автоинспекция 7 гана адамды ташууга уруксат берген.

Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде 19 кыргыз жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2015-04-20 17:42:27
7 адамга ылайыктуу машинаны кыргызстандан чыгарбай эле штраф стоянкага токтотуп койсо болот эле го!, эми канча адамдын омуру кыйылгандан кийин тастыктап калбай, МАИ чилер акчасын жеп жибере берген да буларды, олсон озуно келе акчаны деп!!
0
bayana1987
2015-04-20 20:09:46
Aidar.001? айланайын карап турдунуз беле? жон эле МАИлерге асыла бергенде эмне. Кырсык каш кабактын ортосунда дейт. Ото окунучтуу окуя болуптур. Жараткан бейишинен орун берсин.
0
baba.
2015-04-21 11:54:11
А эмнеге экинчи машина жонундо айтылбайт жазылбайт.Супер Инфо маалымат бергилечи суранабыз.
0
admin_portal
2015-04-21 12:06:31
baba., саламатсызбы!
Ал боюнча маалымат болору менен кабарлаганга аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан