Бүгүн, 20-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын 3-тур оюндары болуп өттү. Мелдеш жаңы башталып, командалар күйөрмандарга күтүүсүз жыйынтыктарды көрсөтүп жатышканын айта кетпесек болбос. Бишкекте өткөн оюнда “Дордой” Ош шаарынын “Алай” клубун 1:0 эсебинде утуп алды. Ал эми алгачкы 2 оюнунда жеңишке жетишкен "Абдыш-Ата" клубу эң алсыз команда катары саналып келген "Кейжи Юнайтед" командасына утулуп калды (0:1 эсебинде).
Жаңы сезондун эсебинен Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо биринчи оюн орун алды. Бул жерде бишкектик "Алга" нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды. Командалар 90 мүнөт аракет кылышканы менен, күйөрмандарга гол кубанычын тартуулай алышкан жок. Жыйынтыгында 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды.
3-турда катталган жыйынтыктар:
“Дордой” (Бишкек) – “Алай” (Ош) – 1:0
“Алга” (Бишкек) – “Ала-Тоо” (Нарын) – 0:0
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Кейжи Юнайтед” (Бишкек) – 0:1