Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 3 жашар баланын табарсыгында шишик бар. Операция кечиккен сайын шишик чоңоюп баратат. Бул тууралуу окурман 21-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер "бала 2 жашка чыкканда операция жасайбыз" дешкен. Ал учурда 3 жашта. Ооруканага алып барышса, операция үчүн 3 миң сом сурашыптыр. Ата-энесинин акчасы жок болгондуктан, операция дагы эле кечеңдеп жатат. “Бул маселени тезинен чечпесе болбойт”,- деп кошумчалайт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.