Бишкекте балдардын Футбол фестивалы старт алды

Кечээ, 20-апрелде Бишкекте балдардын Футбол фестивалы старт алды. “Youth Football Festival-2015″ деген аталыштагы фестиваль өлкөнүн бардык аймактарынан келген 18 команданын катышуусунда өтүүдө. Футболчулар жаш курактарына жараша 3 категорияга бөлүнүп, байге үчүн күч сынашууда. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 жашка чейинки балдар-кыздардын тобуна Футбол борборунун, Жалал-Абад, Талас, Ош облустарынын командалары жана “Дордойдун” командасы кирди. 12 жашка чейинкилер арасында Футбол борборунун кыздар курамасы, балдар курамасы, Ош, Баткен облустарынын командалары жана “Достук”, “СДЮШОРСИ” командалары бар. Ал эми 14 жашка чейинкилерде "Жаштык" борборунун, Караколдун, Нарындын, “Абдыш-Ата” клубунун өкүлдөрү күч сынашууда. Ошондой эле Футбол борборунун кыздары жана адистешкен спорт мектебинин командалары да бар. Мелдеш 22-апрелде жыйынтыкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан