Бишкекте кыргыз өлкөсүнүн күч органдарынын ардагерлеринин арасында бильярд спорту боюнча мелдеш уюшулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш “Жеңиш эстафетасы” акциясынын алкагында уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга бир катар наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылды.