Сокулук районунун Жаңы-Жер жана Жаңы-Пахта айылдарынын тургундары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрүнө өтүнүч менен кайрылышкан. Аталган эки айыл борбордон 70 гана чакырым алыстыкта жайгашканы менен, накта айылдык турмуш өкүм сүрүп турат. Анын үстүнө бул эки айылда дарыгерлер жетишпей, эч кандай медициналык шарттар түзүлгөн эмес.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрү элет элинин саламаттыгын көмүскөдө калтырбастан, партиянын курамындагы дарыгерлер көчмө тобу эки күн бою аталган аймакта болуп кайтты. Эки күн ичинде дарыгер жана адистер калкты заманбап технологиялардын жардамы менен текшерип, кеп-кеңештерин берип, элдин ыраазычылыгына арзышты.