Тогуз коргоол боюнча Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргыз өлкөсүнүн курама командасы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 6 комплект медаль ойнотулуп, оюндар “стандарт”, “блиц” жана “рапид” түрлөрү боюнча болду. Ага 23 өлкөнүн спортчулары катышып, жыйынтыгында Казакстан командалык эсепте 1-орунду камсыздады.
Кыргыз спортчулары анда жалпысынан 5 медаль тагынып, командалык эсепте 2-орунду камсыздашты. “Стандарт” түрүнөн Аида Керимбекова күмүш, Анарбек Жамакеев коло тагынса, “блиц” түрүнөн Айтурган Максатбек кызы коло тагынды. Ал эми “рапид” түрүнөн А.Жамакеев күмүш тагынса, Мадина Курманбекова өлкө эсебине коло медаль алып келди.