Чемпиондор Лигасында "Бавария" атаандашы "Портуну" 6:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты

"БАВАРИЯ" - "ПОРТУ" - 6:1

Голдор: Тьяго Алькантара (14-мүнөт), Жером Боатенг (21), Роберт Левандовски (27), Томас Мюллер (36), Роберт Левандовски (40), Жексон Мартинес (73), Хаби Алонсо (88).


22-апрелге караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары болуп өттү. Күндүн башкы беттештеринин бири германиялык "Бавария" менен португалиялык "Портунун" оюну болчу. Алгачкы оюнда 3:1 эсебинде уттуруп жиберген германиялыктар жарым финалга чыгуу үчүн бул оюнда кем дегенде 2 гол айырмачылыгында утушу керек эле. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта оюн жогорку ылдамдыкта башталып, "Бавария" биринчи таймда 5 гол жаратууга жетишти. Албетте, жарым финалдык жолдомону германиялыктар 40 мүнөт ичинде камсыздай алышты десек болот. 
Кошумчалай кетсек, "Бавариянын" жарым финалдагы атаандашы 24-апрелде өтө турган чүчү кулактын негизинде аныкталат.  
Чемпиондор Лигасы. "Бавария" - "Порту" - 6:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан