25-26-апрель күндөрү Ош шаарында эрежесиз эр уруш жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын туңгуч чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрлөрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка таянсак, таймаштар Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан талапкерлер катышат. Иш-чара КРнын ММА жана Панкратион федерациясы тарабынан Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык спорт комитетинин жана “Мухаммед-Умар” спорттук клубунун колдоосу менен уюштурулууда. Анда 7 салмакта чемпиондор аныкталат (62 килограмм салмакта, 65 кг, 70 кг, 77 кг, 84 кг, 93 кг жана 93 килограммдан жогорку салмакта).