Кыргыз спортчулары 18-19-апрель күндөрү Орусияда бий спорту боюнча өткөн эл аралык мелдеште 7 медаль тагынышты. Кыргыз спортчулары өз эсептерине 5 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жаза алышты. Жыл сайын өтүүчү мелдеш Орусиянын Екатеринбург шаарында “Primavera Cup 2015” деген аталышта уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Бий спорту боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке 1045 жуптук катышты. Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында 2 жуптук Данил Чжао жана Айбике Нурланова, Руслан Чжао жана Нагима Чалбаева катышты.
Жыйынтыгында Чжао Данил жана Нурланова Айбике жуптугу “Е”, “Стандарт Е” жана “Латина Е” түрлөрү боюнча 3 алтын медаль тагынышты. Ал эми Чжао Руслан жана Чалбаева Нагимадан турган жуптук өспүрүмдөр арасында 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышты.