Өмүрбек Текебаевдин Исфананы аралап жүргөнүн көргөн лейлектиктер эл өкүлүнө ыраазы болуу менен саламдашып өтүп жатышты

Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев Лейлек эли менен жолугушканы барганда Исфана шаарын эч кандай жан сакчысыз аралап, улуу инсан, белгилүү коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаковго, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына коюлган эстеликтерди көрүп чыкты. Буга күбө болгон лейлектиктер "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин жөнөкөйлүгүнө баа берип, саламдашып өтүп жатышты. 

"Чоңдордун шаан-шөкөт менен келип кеткенине көнүп калган эл мамлекетти Атамбаев менен башкарып жаткан экинчи адам деген Текебаевдин ушинтип эч кандай шаан-шөкөтсүз, катар тизилген жол тандабас менен эмес, жөнөкөй машина менен жан сакчыларсыз келгенине ыраазы болду. "Партия лидери эл аралап, жыйынга катышып, мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди кабыргасынан коюп, аларды чечүүнүн жолдорун айтып акырын жылып кете берди" деп эл чогулган жерлерде, базарларда кызуу талкууланганын эл айтып жатат. Көрсө, буга чейин Лейлек жерине КРнын Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары
И.Илмиянов келерде Лейлек жергесине милициялардын кардону түзүлгөн экен. Ал жүргөн эки күн бою коопсуздук чаралары чычкан өтпөгөндөй деңгээлде уюштурулуп, ушундай майда чиновниктин ушунчалык деңгээлдеги шаан-шөкөт менен келгени эл ичинде нааразылык жаратканы айтылууда. "Көрбөгөндүн көргөнү курусун" деген ушул белем",
- деп айтылат маалыматта.

Өмүрбек Текебаев Ноокат эли менен жолугушууга келгенде тургундар менен шаар аралап, таанышып, партиялаш-тарапташтары менен жакындан баарлашып, жолугушуу өтүүчү залга акырын кирип кеткенин Ноокаттын эли толкундоо менен кеп кылып жатат. Ал эми мындан бир аз мурун эл өкүлдөрү А.Сулайманов менен Т.Зулпукаровдун дагы Ноокат жерине шаан-шөкөт менен ак-кара жол тандабастар, өгүздөй болгон жан сакчылары менен келип кеткендиги элдин эсинде экен.

Бийлик жөнөкөйлүктүн жактоочусу. Жөнөкөйлүктү И.Раззаков, А.Масалиев, С.Ибраимов сыяктуу белгилүү мамлекеттик ишмерлердин мисалында көрсө болот. Ал эми биздин чиновниктер бийликтин тырмактай болгон тепкичине көтөрүлүп калышса, бара турган жерлерине алдын ала кабарланып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, посттор коюлуп, мал союлуп, дасторкон жайылып, карапайым элди кыйнашат. Элдин эсинде элге жакын, жөнөкөй, карапайым жетекчилер гана калышарын унутпасак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
daniel87
2015-04-22 19:30:59
Чындыкты дайыма бетке айтып,коркпостон уркпостон баары на туруштук берген уулу саясатчы Текебаев биз сиз менеенсыймыктанабыз
+5
kamchatka
2015-04-22 21:25:50
Текебаев ушул бойдон 2020-жылы депутатык шайлоонунун алдынан ушунчалык сыпайы жонокой эл учун эмгек кылган киши болуп келеринизге терен ишенем!эл аралап убакытты кетирбей кумторду чечкилечи!
-5
Rahat12345
2015-04-22 22:08:56
kamchatka ХХХ ХХХ ХХХ... бул киши озунун жакшы жактары учун депутат болуп келе жатат туз бетке туура айтып элге алынган
+7
kamchatka
2015-04-23 06:23:35
Rahat12345,Кызым Омурбек акан эл учун иштеген болсо кумтор маселесин чечпейби?
-2
admin_portal
2015-04-23 09:36:12
Rahat12345, kamchatka - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
basyz-kaman
2015-04-23 00:18:58
Омурбек агай биз сизди колдойбуз!
0
bakyt_2015
2015-04-23 00:25:15
Ичи жалан арам менен пастыкка толгон адамдар башканы да озундой ойлойт.Текебаев кыргыз деп куйгон, сатылбаган,арам акчага,креслого кызыкпаган адам экенин далай ирээт иш жузундо далилдеди. Текебаев байлык менен бийликтен адамкерчилик жогору турарын билген адам.
+9
sagynbek.apyshev
2015-04-23 01:47:46
Депутаттарды окмотту жаман коруп уршуп согуп ар нерсени жаза бербей мактап колдоп корбойлубу кандай дейсиздер? Мисалы эле: жонокой карапайым адамды жек коруп урша берсен ошо нерсесин кайталай беретко барибир ошо созду угамда деп мактасан колдосон ооо десен уялганынан да башкалардын сыйына арзыйын ушинтип аттыле мен бул ишти кылып койсом анын ишенимин актабай каламбы деген ой болот. Эмне дейсиздер? Бул менин жекече оюм
-1
Qnet
2015-04-23 03:41:38
Текебаевден сурагылачы Америкадан эмне жук алынып келгенин,ото эле чынчыл дейсинер!
+3
admin_portal
2015-04-23 09:37:15
Баардык колдонуучуларга эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер, нааразычылык же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр.
0
buduz-80
2015-04-23 09:46:01
Текебаевдин богуна куурай сая албагандар,Текебаевди жамандашат,мисалы азыр жогорку окуу жайды буттун,болду тааныш к/к,тууган издеп журуп аран жумушка илешсин,анан жеп ичип байып анан депутат болосун,ошо ичип жегенин чачып,а Текебаевди карагыла бу кишиде андай жок бут баары озунун эмгеги да,буну бир тайкеси алып келип отургузуп койгон жок да,эл колдоду эл окулу болуп азыркыга чейин келе жатат
+4
Munarka
2015-04-23 10:09:51
азаматсын Омурбек Чиркешович Кадамжайгада келип кетинчи суроо талаптарыбыз бар сизге
0
tin90
2015-04-23 10:36:03
Бирөөнүн айыбынжашырсан сенин да Кудай айыбынды жашырат Бирок берген сөзгө бекем болуш керек башын баштаган соң аягына чыгуу керек кумтөр масалесин чечүү керек.
+1
Nursultan.m.n
2015-04-23 18:45:59
Мугалимдиктен депутаттыкка жеткен агабыз бар болунуз
0
X-peria
2015-04-23 19:46:20
ушу киши президент болот окшоп калды...
+1
nurik2103
2015-04-23 21:19:56
Текебаев еркек киши, Бакиевке еркек болсон асынып ал же кочого юбка кийип чык дегенде тан бергем
+4
crishti_7
2015-04-23 23:32:55
nurik2103, Ошенткенин доказать этчи? Ссылкасын берчи же болбосо?
-1
AnarRazakovich
2015-04-24 00:36:40
st1m_
2015-04-24 00:50:42
AnarRazakovich, Бул жерде устуртон эле айтылганы тура.Мен ушул жыйынды башынан айагына чейин коруп оз кулагым менен уккам.Абдан катуу айткан эле."Колунан эч нерсе келбей калганда сууга тушкон тооктой бир бутунду которуп туруп каласын"-дегени да бар болчу.
+3
AnarRazakovich
2015-04-24 00:17:48
Омурбек Чиркешович, Азаматсыз! Тарыхта алтын тамгалар менен жазылуучу, Улуу инсансыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан