Чемпиондор Лигасында “Реал” жана “Ювентус” клубдары жарым финалга чыгышты

Мадриддик “Реал” жана туриндик “Ювентус” клубдары УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыгышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, чейрек финалдын жооптук оюнунда “Реал” өз үйүндө “Атлетико” клубун утуп алды. Беттештеги жалгыз голду 88-мүнөттө мексикалык чабуулчу Хавьер Эрнандес киргизди. 1 апта мурун өткөн алгачкы оюнда 0:0 эсеби катталганын эске алганда, 2 оюндун жыйынтыгында “Реал” жарым финалга чыкты.

Ал эми экинчи жарым финалдык жолдомону камсыздаган “Ювентус” клубу конокто “Монако” менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Өз үйүндө 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен туриндиктер жарым финалдык жолдомого ээ болушту.

Кошумчалай кетсек, жарым финалдык оюндар үчүн чүчү кулак 24-апрелде ташталат. Алгачкы жарым финалдык оюндар 5-6 майда, жооптук оюндар 12-13-майда болот. Ал эми финал 6-июнда Берлин шаарында орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aidartegin
2015-04-23 08:51:13
Мына кызык ээммии башталат...

Барса...Бавария менен чыкса экен??

Бир убакта утулуп калды эле
0
warsaw.
2015-04-23 09:18:32
реал & бавария
барса & ювентус
болот менин оюмча
0
EMNur
2015-04-23 10:23:06
Финал Эль-Классико болсо экен.
Барселона Бавария
Реал Ювентус
0
EMNur
2015-04-23 10:23:49
Барса Бавария матч реванш
0
Real_Madrid95
2015-04-23 10:51:01
Реал - Ювентус
0
goodman02
2015-04-23 10:58:51
Барса-Ювентус
Реал-Бавария болсо жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан