Өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Ысык-Көлдө машыгуу сборунан өтүп жатат. 14-апрелде башталган машыгуу сбору 4-майда жыйынтыкталат. Спортчулардын Чолпон-Ата шаарында машыгуусу үчүн Олимпиадага даярдоо борбору тарабынан 523 миң сом каралган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курамда Айсулуу Тыныбекова, Розалия Тилегенова, Эльза Абдыкадырова, Бермет Нурланбек кызы, Мээрим Жуманазарова, Ажар Замир кызы, Динура Сулайманова, Нураида Анаркулова, Саяна Байызова, Айжан Абдыкеева, Айпери Медет кызы, Айнура Жуманазарова, Айсалкын Кожомкул кызы, Айжаркын Жеңишбек кызы сыяктуу спортчулар бар.