Кыргыз мушкерлери Казакстанда өтүүчү эл аралык мелдешке катышышат

24-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Казакстандын Атырау шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Казак баатырлары Исатай Тайманов менен Махамбет Утемисовдун урматына уюшулуп жаткан мелдешке кыргыз мушкерлери да катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мушкерлердин аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадага даярдоо борборунан 453 миң сом бөлүндү.

Казакстанга бара турган курамга Рахманкул Аватов, Бек Камчыбеков, Турат Осмонов, Эркин Болотбек уулу, Азамат Каныбек уулу, Александр Панарин, Сергей Паренко, Чингис Борбашев, Медер Мамакеев, Эрмек Сакенов сыяктуу мушкерлер кирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан