Кечээ, 22-апрелде Бишкекте балдардын Футбол фестивалы аяктады. “Youth Football Festival-2015″ деген аталыштагы фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 18 команда катышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчулар жаш курактарына жараша 3 категорияга бөлүнүп ойношкон. Жыйынтыгында 10 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында “Дордой” командасы 1-орунду ээледи. 12 жашка чейинки курактагы футболчулардан “Достук” командасы баш байгени багынтты. Ал эми 14 жашка чейинки курактагыларда “Каракол” командасына упай жагынан эч ким тең келе алган жок.