Кечээ, 23-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын 4-турунда 2 оюн орун алды. Кантта өткөн оюнда “Абдыш-Ата” жана “Дордой” командалары 2:2 эсебинде тең чыгышты. Ал эми Бишкекте өткөн оюнда “Алга” клубу Оштун “Алай” командасын ута алган жок. Бул оюн да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Учурда мелдеш жадыбалында 5 оюнда 11 упай топтогон “Дордой” клубу алдынкы сапта келүүдө. Кийинки орунду 4 оюнда 7 упай топтогон “Алай” ээлеп келсе, 3-орунда келе жаткан “Абдыш-Атанын” карамагында 7 упай бар.