24-апрелге караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын чейрек финалындагы жооптук оюндар орун алды. Оюндардын жыйынтыгында жарым финалга чыккан 4 команда белгилүү болду. Алар: “Фиорентина” (Италия), “Севилья” (Испания), “Наполи” (Италия) жана “Днепр” (Украина).
Кошумчалай кетсек, чүчү кулактын негизинде жарым финалдагы атаандаштар аныкталат. Чүчү кулак бүгүн, 24-апрелде ташталат. Алгачкы жарым финалдык оюндар 7-майга, ал эми жооптук оюндар 14-майга туураланган. Финал болсо 27-майда Варшава (Польша) шаарында орун алат.
Чейрек финалдагы жооптук оюндардын жыйынтыгы:
“Зенит” (Орусия) – “Севилья” - 2:2
Голдор: Бакка (6-мүнөттө), Рондон (48-мүнөттө), Халк (72-мүнөттө), Гамейро (85-мүнөттө)
“Наполи” (Италия) – “Вольфсбург” (Германия) - 2:2
Голдор: Кальехон (50-мүнөттө), Мертенс (65-мүнөттө), Клозе (71-мүнөттө), Перишич (73-мүнөттө)
“Фиорентина” (Италия) – “Динамо” (Киев, Украина) - 2:0
Голдор: Гомес (43-мүнөттө), Варгас (90-мүнөттө)
“Днепр” (Украина) – “Брюгге” (Бельгия) - 1:0
Гол: Шахов (82-мүнөттө)