Аскер кызматкерлерине кызматтык батирлерди берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Жал кичи районунан аскер кызматкерлерине 30 батир берилген. Бирок текшерүүдө батирге ээ болгон кызматкерлер мурда да алышканы жана турак жайга муктаж эмес экендиги аныкталган.
Ошол эле учурда кезекте кызмат учурунда жабыркагандар, каза тапкан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жана көп балалуу офицерлер да болгон. Алардын документтерин Коргоо министрлигинин Турак жай комиссиясы караган эмес. Учурда министрликтин кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.