Бүгүн, 24-апрелде Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалына карата чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Анда жарым финалга чыккан "Барселона", "Реал" (экөө тең Испания), "Бавария" (Германия), "Ювентус" (Италия) сыяктуу командалардын мелдештин бул баскычындагы атаандаштары аныкталды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, чүчү кулактын негизинде жарым финалда "Барселона" жана "Бавария" клубдары ойномой болду. Ал эми мадриддик "Реал" финалдык жолдомо үчүн туриндик "Ювентус" менен кармашмакчы.
Кошумчалай кетсек, алгачкы жарым финалдык оюндар 5-6-майда, жооптук оюндар 12-13-майда болот. Ал эми финал 6-июнда Берлин шаарында орун алат.