Бүгүн, 24-апрелде Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Европа Лигасынын жарым финалында өз ара ойной турган командалар аныкталды. Чүчү кулактын жыйынтыгында жарым финалда италиялык “Наполи” футболдук клубу украиналык “Днепр” менен кездешмей болду. Ал эми испаниялык “Севилья” клубу италиялык “Фиорентина” менен ойнойт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалдык жолдомонун ээси 2ден оюндун жыйынтыгында белгилүү болот. Алгачкы оюндар 7-майда орун алса, жооптук оюндарды 14-майда көрүүгө болот. Ал эми финал 27-майда Польшанын борбору Варшава шаарында өтөт.