Непал. Жер силкинүү кырсыгынан каза тапкандардын саны 3 миңден ашты

25-апрелде Непал өлкөсүндөгү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү кырсыгынан каза тапкандардын саны 3200дөн ашты. Бул тууралуу 27-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Өлкө бийлиги кырсыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Анткени кырсыктан жапа чеккендердин саны миллиондон ашык болгондуктан, ооруканаларга жардамга муктаждар батпай, айрымдары каза болууда. Ал эми жер силкинүү 26-апрелде да кайталанып, кыйроолордун саны өсүп кетти. Учурда бул өлкө ичүүчү сууга жана азык-түлүккө муктаж болуп жатканы айтылды. Жер силкинүү Индия, Бангладешке да таасир берип, бул өлкөлөрдөн 60ка жакын адам каза болду. Учурда бир катар мамлекеттер гуманитардык жардам берип, куткаруу иштерине көмөк көрсөтүшүүдө. 
Айта кетсек, 25-апрель күнү Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2015-04-27 12:31:12
Тилсиз жоодон кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан