Хоккей боюнча өлкөнүн курама командасы Кувейтте өткөн Азиянын Чакырык Кубогунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык хоккей федерациясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, мелдештин акыркы турунда кыргыз хоккейчилери Кувейт курамасы менен кез келип, 3:9 эсебинде утулуп калышты.
Натыйжада тайпада өткөн 5 оюнда жеңишке жетишкен кувейттиктер алтын медалды багындырышты (15 упай). 2-орунду ээлеген Сингапур курамасынын карамагында 12 упай бар. 3-орунду ээлеген кыргыз өлкөсүнүн курамасы 2 оюнда утулуп, 3 оюнда жеңүүчү аталган (9 упай).
Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан 6 команда катышкан. Акыркы 3 орунду Оман, Малайзия жана Индия курамалары өз ара бөлүштү.