Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-апрелде Көк-Жар айылында болгон. Анда 1992, 1996-жылы туулган эки жаран 1965-жылы туулган үй ээсин сабап, өлтүрүп алышкан. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка шектүүлөр каза тапкан жарандын батиринде турушчу. Ошол күнү үй ээси менен бирге спирт ичимдигин ичишип, ортодо түшүнбөстүктөр чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан