Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3 өрт болгон.
Түп районунда 2 кабаттуу сарай толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон.