Англиянын Футбол ассоциациясы 2014-2015-жылкы сезондун мыкты футболчусун жана мыкты жаш футболчусун аныктады. Англиянын футбол боюнча биринчилигинде чемпиондукту камсыздоо алдында турган “Челси” футболдук клубунун оюнчусу Эден Азар мыкты футболчу болуп табылды. Ал эми аталган ассоциациянын версиясы боюнча “Мыкты жаш футболчу” наамы “Тоттенхэмдин” чабуулчусу Харри Кейнге ыйгарылды.
28-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Эден Азар акыркы сезондо 33 оюнда 13 гол киргизген. Ал эми Х.Кейндин эсебинде 30 оюнда киргизилген 20 гол бар.