Ош шаарында эрежесиз эр уруш жана панкратион боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталып, чемпиондор аныкталды

25-26-апрель күндөрү Ош шаарында эрежесиз эр уруш жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын туңгуч чемпиондугу өттү. Аталган спорт түрлөрү боюнча федерациядан маалымдашкандай, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан талапкерлер катышып, 7 салмакта чемпиондор аныкталды (62 килограмм салмакта, 65 кг, 70 кг, 77 кг, 84 кг, 93 кг жана 93 килограммдан жогорку салмакта).  

Жыйынтыгында 62 килограмм салмакта Эламан Коргонбай уулу жеңүүчү аталды. Андан тышкары өз салмактарында Адилет Таалайбек уулу (65 кг), Мирбек Абдыкадыров (70 кг), Бекназар Кайназар уулу (77 кг), Данияр Абдибаев (84 кг), Бабамурат Жолдошев (93 кг), Максат Мусабаев (93 килограммдан жогорку салмак) өлкө чемпиону аталышты.

Андан тышкары “Fight Nights” деген аталышта кыргыз спортчулары менен чет өлкөдөн келген спортчулар арасында рейтингдик беттештер орун алды. Анда орун алган 5 беттештин бири гана кыргыз спортчуларынын пайдасына чечилди.

Беттештердин тизмеси: 

65 килограмм салмак

Нурлан Курманалиев (Кыргыз Республикасы) – Акмалжон Мамуров (Тажикстан) - Н.Курманалиев утту

70 килограмм салмак

Данияр Көлбаев (Кыргыз Республикасы) – Растислав Боченков (Орусия) - Р.Боченков утту

77 килограмм салмак

Калысбек Токтосун уулу (Кыргыз Республикасы) – Рамис Шарипов (Казакстан) - Р.Шарипов утту

84 килограмм салмак

Абдрахман Назаров (Кыргыз Республикасы) – Владимир Ивашкин (Орусия) - В.Ивашкин утту

93 килограмм салмак

Элнур Акылбеков (Кыргыз Республикасы) – Фариз Назарбекзода (Тажикстан)  - Ф.Назарбекзода утту 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ruslan_d
2015-04-27 20:43:18
Баары эле женилип калыптырго.
+2
ramis1
2015-04-27 21:06:35
Микрафондо тагашкаго
0
kanijol
2015-04-28 03:56:40
жигиттер жаман эмес дагыда аракеттениш керек
0
beka88
2015-04-28 17:01:19
кобу эле утулуп калыптырго,эмне тренировка кылбай печеня жеп журдунор беле?чыгат десе эле чыга бербей бир аз эки жактты карап анан чыгвш керек да?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан