Лейлек районунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты

Лейлек районунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-апрель түнү Жаңы-Жер айыл аймагында болгон. Анда белгисиз адамдар жергиликтүү ишкердин үйүнө киришип, 18 жаштагы баласын таңып, акча талап кылышкан. Бирок үй ээси баласы менен бирге аларга каршылык көрсөтүп, кылмышкерлердин бирин кармап калышкан. Калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул боюнча ыкчам кармоо иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
temirov76
2015-04-28 08:41:59
Жаны Жер кайсы айыл эле?
0
admin_portal
2015-04-28 09:40:10
skorpion-08787 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
temirov76, skorpion-08787 аттуу колдонуучу комментарийди туура эмес жерге жазып алган. Түшүнүү менен кабыл алсаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан