Непалдагы зилзаладан каза тапкандардын саны 4 миңден ашты

Непалдагы зилзаладан каза тапкандардын саны 4 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, жаракат алгандардын саны 7 миңге жакындаган. Ал эми миллиондон ашык адам үй-жайсыз калды.

Өлкө бийлиги кырсыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Жер силкинүү Индия, Бангладешке да таасир берип, бул өлкөлөрдөн 60ка жакын адам каза болгон. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Айта кетсек, 25-апрель күнү Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gsuita
2015-04-28 09:09:20
Кудайым озу кокус кырсыктардан сактасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан