Москва районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-апрель күнү саат 18:00 чамасында Александровка – Асылбаш унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Анда айдоочу БМВ 525 унаасы менен бакты сүзүп, күйүп кеткен. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.