Дүйнөлүк бокс сериясында кыргыз мушкери Азат Усеналиев кубалык мушкерге утулуп калды

24-апрелде Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын тайпалык баскычы жыйынтыкталды. Курамында кыргыз мушкери Азат Усеналиев болгон “Украиналык атамандар” клубу кубалык курамга каршы туруп, 5 беттешти тең уттуруп жиберишти.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 52 килограмм салмакта А.Усеналиевдин атаандашы Йосбани Веитиа болду. Мушкерлер 5 раунд тирешип, жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кубалык мушкерге ыйгарышты.  

Кошумчалай кетсек, “Украиналык атамандар” клубу упай жоготуу менен “А” тайпасында 4-орунду ээлеп калышты. Бул, албетте, клубдун чемпиондук жарыштан чыгып калганынан кабар берет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uran98
2015-04-28 10:16:48
еч нерсе емес,спортто женилуу да болот ийгилик брат
0
bazarkyl
2015-04-28 10:28:30
олимпиадага дайынданыш керек мен ишенем Азатка! бунун баары тренировка деп койсо да болот.
0
AnarRazakovich
2015-04-28 14:51:24
Куба энчилуу атпы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан