Баткен облусунда болгон катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 1,5 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал облус аймагындагы 2690 даана шиферди жана 66 даана темир листти учуруп кеткен. Мындан улам келтирилген чыгым 1 миллион 633 миң сомду түзгөн.
Айта кетсек, 25-апрелден 26-апрелге караган түнү Баткен облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен шамал 134 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.