Жети-Өгүз райондук ооруканасында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын октябрь айында аталган оорукананын кызмат адамдары 3 палатага суу түтүктөрүн киргизүү боюнча эч жерде иштебеген жаран менен жалган келишим түзүшкөн. Анын кесепетинен мамлекетке 32 миң сом зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.