Бишкектин Жал кичи районунда кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековду атып кетишти

Бишкектин Жал кичи районунда кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековду атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында болгон. Анда эки белгисиз адам үйүнүн кире беришинен Дамир Сапарбековду атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жараатынан улам ооруканадан каза тапкан.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.   

Айта кетсек, Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Анын абактан чыкканына эки ай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bekos2012
2015-04-28 11:18:16
Колбаев менен Карышкырдын тирешуусу башталды окшойт...
+3
admin_portal
2015-04-28 11:48:46
Amantur., саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
Mech.kg
2015-04-28 12:30:03
Кылмышкерлердин оуулун кантип билдинер билсенер эмнеге камабайсынар
0
bom.bon
2015-04-28 13:30:47
Mech.kg, турмодон жакшы адам болуп чыкканына эки ай болгон экен!
0
make2
2015-04-28 13:49:48
бала кезинен эле көп жолу отуруп чыкты да мышыктай чапчан болчу, спортту тандаса бир 100% чемпион чыкмак, эми не болду
0
meli12
2015-04-28 13:54:57
Тише воды ниже травы болуп эле журо бербейт беле. зачем кылмыштуу топтун окулу болот? мындайлар бары бир дайыма коркунуч менен жашашат. качан иени олтуруп кетет деп андай коро простой эле адам болуу керек юир келген жашоодо мына анапияевди ж б кандай олтуруп кетишти
0
beka88
2015-04-28 15:12:17
АЛЛАХ оз мееримине алсын!
0
azat_sokrat
2015-04-28 15:36:40
Жакшы кылыптыр мындай адамдар бири бирин эле атып жок болушат кудайымда асманда карап турат !мындай адамдарды культурный кайырчы деп койсок болот ,ар ким оз эмгеги менен бешене тер менен нан таап жегенге не жетсин,бирок жаткан жери жайлуу болсун
+2
beka88
2015-04-28 16:54:32
azat_sokrat, сен канча акча бердин эле? же дай берип журосунбу?колунан келеби барбей койо аласынбы?
-2
nurchik05
2015-04-28 16:06:16
жаман жолдун арты олум да
0
Medina87
2015-04-28 16:07:17
Жаткан жери жайлуу болсун! Кайсы чойронун адамы болсо да жаш кетиптир...
0
aziret-92
2015-04-28 19:07:19
Жакшы эле адам болчу байкуш.
0
centr-94
2015-04-28 21:54:14
Не нам его судить!Ыйман китеби он колунан берилсин.Таластык намыстуу агаларыбыздын бири эле...
+1
Rozalia
2015-04-29 18:05:24
Жаманбы жакшыбы баарыбыз анын жаткан жери жайлуу болуусун,Алла Таалам анын куноолорун кечируусун тилейли.Бугунбу,эртенби,убагы келгенде биз да бул дуйнону таштап кетебиз.Маркумдун артынан жаман соз айткан туура эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан