Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган самбо боюнча Ички иштер министрлигинин биринчилиги өттү. Анда спортчулар спорттук самбо жана күжүрмөн самбо боюнча 6 салмакта өз ара кармашып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 28-апрелде кабарлашкандай, мелдешке ички иштер органдарынын бөлүктөрүнөн түзүлгөн 12 команда катышты. Спортчулардын жалпы саны 75ке чукулдады.
Мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду ИИМдин Борбордук аппараты багындырса, 2-орунду Чүй ОИИББинин курама командасы, 3-орунду ИИМдин атайын багыттагы полкунун курама командасы ээледи. Жеңүүчүлөр ИИМдин кубогу, медалдар, грамота жана атайын белектер менен сыйланышты.