Интернетте Украинанын чыгышында согушуп жаткан кыргыз жараны тууралуу видео тарады. Анда өзүн Нурлан деп тааныштырып, Кыргыз Республикасынан келгенин айткан адам элдик кошуундардын катарында согушуп жатканын билдирген.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганыбызда маалымат текшерилип жатканын айтышты.
Айта кетсек, буга чейин Украинанын чыгышында согушуп жаткандардын арасында 17 кыргыз жараны бар экени айтылган эле.