Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу туруна даярдыгын баштады. Даярдык алкагында өтүп жаткан машыгуу сборуна 24 оюнчу катышууда. Андан соң 5-6-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Өзбекстандын олимпиадалык курамасына каршы жолдоштук оюн орун алат.
Курамда төмөнкү футболчулар бар:
Дарбазачылар: Илим Оморов (“Алга” клубу), Андрей Шикин (“Наше пиво”), Дастан Алыбеков (“Живое пиво”), Кутман Кадырбеков (“Ала-Тоо”)
Коргоочулар: Кайрат Көлбаев, Мустафа Юсупов (“Ала-Тоо”), Бекмырза Дуванаев, Кудайберген Эшимов, Акрам Умаров (баары “Абдыш-Ата”), Санжар Шаршеев (“Дордой”), Тамирлан Козубаев, Сулейман Самарбек уулу, Аскар Салиев (баары “Алга”), Сардарбек уулу Эльдияр, Даниил Сокирченко (экөө тең “Наше пиво”)
Жарым коргоочулар:
Давлятжан Баратов, Бахтияр Дүйшөбеков, Манас Карипов (“Абдыш-Ата”), Мирбек
Ахматалиев, Эрмек Нусубалиев (“Алга”), Султан Момунов (“Наше пиво”), Егор
Найденов, Бекжан Сагынбаев
(“Ала-Тоо”), Авазбек Откеев, Динмухаммед
Таалайбеков, Элхан Темирбаев (“Дордой”)
Чабуулчулар: Абай Боколеев (“Ала-Тоо”), Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Фархат Мусабеков (“Абдыш-Ата”)
Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азиянын чемпиондугунун тандоо туру 16-24-май аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар.