Футбол боюнча боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лига июнь айында уланат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты. 6 команданын катышуусунда өтүп жаткан мелдеш кайсы күнү старт алары тууралуу так маалымат жок.
Кошумчалай кетсек, өлкө биринчилигинин 2015-жылкы сезону апрель айынын экинчи аптасында старт алган. Андан бери командалар 4 оюн ойногонго жетишишти. Азырынча башка командалардан 1 оюн ашык өткөргөн “Дордой” карамагындагы 11 упай менен 1-орунду ээлеп келүүдө.